14-май күнү күрөш боюнча Кыргыз кыз-келиндер курамасы Индияда өткөн Азия чемпиондугунан кайтып келишти. Эми алар Баку шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарына барып катышууга даярданууда.
Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди. Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы, башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков баш болуп, Азербайжандын Баку шаарында учурда өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарына жөнөп кетишмекчи.
Эске салсак, Айсулуу Тыныбекова 13-май күнү, Индиянын Дели шаарында өткөн Азия чемпиондугунда финалга чыгып, индиялык спортчу Сарита менен кез келген. Тыныбекова 6:0 эсебинде жеңишке жетип, алтын медалды жеңип алган. Муну менен ал экинчи ирет Азия чемпиондугун багынтты.