Ошто аттракциондун кулашы боюнча кылмыш иши козголду. Күнөөлүү адам 5 жылга кесилиши мүмкүн

Ош шаарынын "Жеңиш" сейил багында аттракциондун кулаганы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Сейил бактагы кулаган аттракцион боюнча Ош милициясы "Оор кесепеттерге алып келген эмгекти коргоо эрежелерин бузуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Тергөөнүн жыйынтыгы менен тиешелүү тараптар жоопкерчиликке тартылат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, кечээ, 14-майда болжол менен саат 17:00 чамасында аталган сейил бакта жайгашкан каруселдердин бири кулап кеткен. Аталган кылмыш боюнча күнөөлүү деп табылган адам Кылмыш-жаза кодексине ылайык эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
gulmira12345
2017-05-15 11:38:53
негизи биздикилер баардык нерсеге холотной отношения кылат жазасын алыш керек акча деп эле эптеп ала бербей союз маалындагы бонча аман эсен боюнча болуш керек
0
tatynam_88
2017-05-15 11:49:55
Ойбиздикилер после пожар кыймылдашат.
0
raykray
2017-05-15 14:59:07
5 жылга ажыратылышы мумкун?!мумкун акча таштап кайра иштете береттир бул жонокой Адам эмес чон ошон учун ачык айтылбай, уруксат Берген Адам,белгисиз адамга катталган деп жашырынып атат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан