Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Хунчи айылында айланма жолунун 21-чакырымында Тойота Алфард үлгүсүндөгү автоунаа даракты сүздү. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кырсыктан 1969-жылы туулган айдоочу каза болгон. Куткаруучулар анын жансыз денесин унаадан алып чыгарып, туугандарына өткөрүп беришти.