Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында сууда сүзүү боюнча мелдеш өттү. Анда 50 метр аралыктагы жарышта 17 жаштагы Кыргыз өлкөсүнүн спортчусу Денис Петрашов 5-орунду ээледи.
Жарыш 13-майда өткөн. Рио-2016 олимпиадасынын катышуучусу Денис Петрашов, 50 метр аралыктагы брасс стилиндеги финалдык жарышта сыйлуу байгеге ээ болгон жок. Ошондой эле 50 метр аралыктагы брасс стилиндеги финалдык жарышта Кирилл Вайс дагы катышып 7-орунду ээлеген. Денис Петрашов 200 метр аралыктагы жарышта 9-келип финалга чыкпай калды.
Бүгүн, 15-май күнү Денис Петрашов жана Кирилл Вайс 100 метр аралыктагы жарышта медаль үчүн күч сынашат.