Футбол боюнча өлкө биринчилиги – Топ-Лиганын 6-туру Кант шаарында жыйынтыкталды. Анда жергиликтүү “Абдыш-Ата” бишкектик “Алганы” кабылдады.
Оюндун жүрүшүндө канттыктар коноктордон алда-канча күчтүү экендигин көрсөтүштү. 1-таймдын 32-мүнөтүндө Данила Сокирченко эсепти ачса, Алерива Олувасен таймдын соңунда экинчи голду киргизди. Экинчи таймда чабуулчу Иван Филатов эсепти ири кылып, үй ээсине жеңиш алып келди.
Бул жеңиш менен “Абдыш-Ата” 15 упай топтоп, “Алайдын” артынан түштү.