Чүй облусунун Сокулук районунда көлмөгө чөгүп кеткен 15 жаштагы баланы издөө уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылындагы Восток көлмөсүнө кечээ, 14-майда саат 15:30 чамасында Б. уулу А. аттуу 2002-жылы туулган бала чөгүп кеткен. Куткаруучулар издөө иштерин улантып жатышат.