Мындан 41 жыл мурун, 1976-жылы 15-майда Украинанын Чернигов шаарында Ан-24 учагы жерге кулап, 52 киши көз жумган. Винница-Москва каттамын аткарып жаткан учак Викторовка айылынан 500 метр, Чернигов аба майданынан 14,5 чакырым алыста жерге кулап түшкөн. Натыйжада учактагылардын баары - 46 жүргүнчү жана 6 экипаж мүчөсү каза болгон. Катаал аба ырайына байланыштуу жана учакты куруудагы каталардан улам учкуч башкаруусун жоготуп, кырсык келип чыккан.
15-майга карата жылнаама.