Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы көлмөгө чөгүп кеткен 15 жашар баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу 15-майда SUPER.KG порталына окуянын күбөлөрү кабарлашты. Издөө иши улантылып жатканын бүгүн эртең менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдаган эле.
Аталган айылдагы Восток көлмөсүнө 14-майда саат 15:30 чамасында Б. уулу А. аттуу 2002-жылы туулган бала чөгүп кеткен.
Каза тапкан өспүрүм Военно-Антоновка айылынын тургуну. Маалыматка таянсак, бала апасынан көлгө барып келейин деп суранып чыгып, пластик бөтөлкөлөрдү эки колуна тагып сүзүп баратканда чөгүп кеткен.