КМШ өлкөлөрүнүн аскердик клубдары арасында өткөн мелдеште кыргызстандыктар 2-орунду ээледи

Орусиянын Самара облусундагы Рощинский айылында КМШ өлкөлөрүнүн аскердик клубдарынын ортосунда куралсыз мушташуу (рукопа́шный бой) боюнча кезектеги чемпиондук өтүп, 9-майда жеңүүчүлөр аныкталды. "Замандаш" ассоциациясынын басма сөз кызматы маалымдагандай, мелдеш 7 салмактык категорияда өтүп, анда күрөш, бокс, таэквондо, самбо, дзюдо боюнча жарыш жүрдү. Биринчиликти орусиялык аскер спортчулары жеңип алса, Кыргызстандын Коргоо министрлигинин алдындагы Аскердик спорт клубунан келген жети спортчунун алтоосу жакшы оюн көрсөтүшүп, экинчи орунду жеңип алуу менен жалпы командалык эсепте да экинчи орунга ээ болушту. 3-орунга Казакстандын аскер спортчулары татыктуу болду. Айта кетсек, мелдешке 5 өлкөнүн спортчулары катышты.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
71toxa
2013-05-13 21:47:19
Молодцы!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан