Мектеп окуучуларынын арасындагы Спартакиаданын жеңүүчүлөрү аныкталды

Бишкек шаарында 10-майдан 15-майга чейинки аралыкта мектеп окуучуларынын Спартакиадасы өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мелдешке өлкөнүн 7 облусунан жана Ош, Бишкек шаарларынан 1500гө жакын спортчу катышып 15 спорттун түрү боюнча чемпионду аныктады. Алар: баскетбол, волейбол, тогуз коргоол, теннис, шахмат, кичи футбол, эркин күрөш, грек-рим күрөшү, кыргыз күрөшү, бокс, ордо, жеңил атлетика, оор атлетика, самбо жана таэквондо.

Жыйынтыгында командалык эсепте Бишкектин курамасы 1-орунду ээледи. 2-орунду Ысык-Көл облусунун курама командасы багынтса, 3-орунга Чүй облусунун спортчулары ээ болушту.

Командалык эсепте:

1-орун: Бишкек

2-орун: Ысык-Көл облусу

3-орун: Чүй облусу

4-орун: Талас облусу

5-орун: Жалал-Абад облусу

6-орун: Ош облусу

7-орун: Баткен облусу

8-орун: Нарын облусу

9-орун: Ош шаары

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Damir.Turgunbaev
2017-05-15 20:58:59
жакшы
0
kanat.ozgorush
2017-05-17 10:21:29
кравчиктер токтогулдун балдары республиканы чемпионы болушту
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан