Бишкекте медициналык борбордун жооптуу адамдары мамлекетке 9 миллион сомго жакын зыян келтирди деп айыпталууда

Бишкектин Октябрь райондук прокуратурасы №18-үй-бүлөлүк медициналык борбордун жооптуу кызматкерлерине карата "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган медициналык борбордун кызматкерлери кызмат ордунан пайдаланып, бухгалтердик эсептин жумушчулары менен сүйлөшүп, эки банктан үй-бүлөлүк медициналык борбордун кассирине пластик карталарды ачышкан деп айыпталууда. "2013-жылдан 2017-жылга чейин ай сайын мыйзамсыз түрдө 200 миң сом өлчөмүндөгү акчаны бул карталарга которуп турушкан. Натыйжада бул акчаны өздөрү алышкан. Аталган кызматкерлердин мамлекетке келтирген материалдык зыяны 8 миллион 900 миң сомду түзгөн", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kroxa
2017-05-16 11:33:51
Ушинтип эле четтен жеп атышса окмот кайдан онугот..
0
admin_portal
2017-05-16 12:15:20
Sayli, этика нормаларын сактаныз. Эскертүү!
0
Asan123
2017-05-16 14:18:54
Аягына чейин чыксын да малымат угабыз аягын куто берип унтуп калабыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан