Ислам тилектештик оюндары: Сууда сүзүү боюнча 3 Кыргыз спортчусу финалга чыгышты

Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында 3 Кыргыз суучулдары финалдык жарышка өтө алышты.

Маалым болгондой, 100 метр брасс стилинде жарышка түшкөн Дарья Таланова жарым финалда 1 мүнөт 14,39 секундалык көрсөткүч менен финалга өтө алды. Ал эми эркектер арасында Денис Петрашов менен Кирилл Вайсс тийиштүү жыйынтык менен финалдык жарышта медалдар үчүн күрөш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Финалдык жарыш бүгүн орун алат.

Эскерте кетсек, ушул эле спортчуларыбыз буга чейин 50 метрлик аралыктагы жарышта байгелүү орундарга илинбей калышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан