Футзал боюнча жаштар курама командасы Азия чемпиондугунун алгачкы беттешинде Кытай менен тең чыкты

Таиланддын Бангкок шаарында өтүп жаткан 20 жашка чейинкилер арасында футзал боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз өлкөсүнүн футзалчылары бүгүн, 16-майда өз тайпасында алгачкы беттешин өткөрүштү. Анда Кытай өлкөсү менен кезикти.

Оюнда Нуржан Жетибаев жетектеген командабыз кытай футзалчылары менен тең тайлаша ойношту. Беттештин жүрүшүндө кытай спортчулары 3:1 эсебинде алга озгону менен оюндун соңуна чейин Кыргыз футзалчылары эсепти тең кылганга үлгүрүштү. Жыйынтыгында 3:3 эсеби катталып, командалар бирден упайга ээ болушту.

Белгилей кетсек, “D” тайпасында Кыргыз өлкөсү, Иран, Кытай, Монголия жана БАЭ курама командалары бар. Кийинки беттешти кыргыз футзалчылары Монголия менен 18-майда өткөрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Beka.sss
2017-05-16 12:44:50
Фудзал кандай оюн
0
sirgak_92
2017-05-16 13:10:21
Beka.sss,мини футбол
0
Derzki_kyrgyz
2017-05-16 13:32:22
Ийгилик жылмайса экен биздин ак шумкарларга. Кыргызстанда акыркы кезде мини фудбол болуп корбогондой онугуп атат. Ар бир айылдарда аянтчалар курулулган. а так шанс бар
+2
BekAmir
2017-05-16 17:27:14
Азаматтар,кучтуу команда менен тен чыктынар. Эми уткула калганын
0
elmurat.kg
2017-05-17 17:32:09
смело утат ...2-местада чыгабыз.если кытай бизге караганда ирандан большой счет менен утулса
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан