Испаниянын “Реал Мадрид” футбол клубу колумбиялык жарым коргоочусу Хамес Родригес менен быйылкы жылы коштошууга даяр. Аталган клуб оюнчуну 75 миллион еврого баалоодо. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Белгилей кетсек, 2014-жылы “Реал” Хамес Родригести “Монакодон” 80 миллион евродой каражатка сатып алган. Ал бул аралыкта мадриддик команда үчүн 76 оюнда 28 жолу айырмаланган. Учурда Колумбия курама командасынын капитаны Хамес "Реалдын" машыктыруучусу Зинедин Зидандын негизги курамдагы оюнчусу боло албай келет.
Хамес Родригеске Англия клубдары “Манчестер Юнайтед” менен “Челси” кызыгуу жаратып жатканы айтылууда.