Кыргыз өлкөсүндө жер титиреди

Бүгүн, 16-майда саат 15:07де Кыргыз өлкөсүндө жер титиреди.

EMSC бүткүл дүйнөлүк зилзалаларды каттоочу уюмдун маалыматы боюнча, анын очогу Талас шаарынан түштүк-батышка карай 53 чакырым алыстыкта, Ташкент шаарынан түндүк-чыгышка карай 236 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жер титирөө очогунда 4,6 баллга чейин жеткен.

Кыргыз Республикасынын ­Сейсмология Институту­ бул жер титирөөнүн күчү очогунда 5,5 баллга жеткенин билдирүүдө. "Зилзала Талас облусу менен Жалал-Абад облусунун чектеш тоо кыркаларында болгон. Жалал-Абад облусунда Аркыт айылында 5 баллга чейин, Токтогул шаарында 3-3,5 баллга чейин, Талас облусунун Талас шаарында 3 баллга чейин сезилген", - деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтар боюнча, табигый кырсыктан улам кыйроолор жана жабыркагандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Rashit
2017-05-16 16:20:03
Мен да сездим кичине еле серпилди кудай сактасын кадамжайда
0
Nurmuhammad-1
2017-05-16 16:21:32
Ошто каттуу болду 4-5 балдай сезилди мага.
+2
Attila88
2017-05-16 16:25:07
тундук жергесинде жер титиреди деп жазылдылегр темасы.эми кыргыз олкосундо деп ондоп коюптур
0
Kroxa
2017-05-16 22:50:05
Attila88,тундук жергебиз тынч эле кудайга шугур..кудай сактасын..жер титиребесин эл битиребесин..
-2
bakulya2015
2017-05-16 16:25:56
Кадамжай районунда да,болду. Тынчтык болсун олкодо.
0
Mersi.Zh
2017-05-16 16:35:54
Авлетим айылында да жер титиреди...
0
molorbaev
2017-05-16 16:47:35
Демек, жер титироонун очогуна эн эле жакын калктуу конуш Аксыда экен. Аркыт айылы деп турат. Сары-Челекте жогору болуптур. Тынчылык болсун.
+1
Totyua.71.
2017-05-16 16:55:47
Токтогулда катуу сезилди жер титироо, кудай эле сактасын!
+1
admin_portal
2017-05-16 17:00:40
KUMKA, жеке айтышууларга тыюу салынган, ал үчүн купуя кат бар.
-1
Nur8088
2017-05-16 17:11:32
Кудай сактасын
+2
admin_portal
2017-05-16 17:59:24
jamanjigit, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
+1
kubatbek.k
2017-05-16 18:12:57
malkaldyda15 .11de.silkindi
0
kyrgyzka7
2017-05-16 18:57:25
ошто да болду
0
Tolkun555
2017-05-16 20:00:05
Ээ тынчтык болсунчу кыргыз элим.Алла өзүң ырайым кыла көр.жер көчкү жер титирөөдөн жаман кырсык апаатардан өзүң сакта.кайсы күнөөлөр үчүн болсо да күнөөлүүрдү кечир.
+1
chon-alai90
2017-05-16 23:55:25
Откондо чон алайда жер тербегенде бироосу айтты эле туштуктун эли пейлинерди ондогула деп эми болсо тундукто тербеп жатат буга не дейбиз ошондо аябай жиним келген эле табалагандай болду бирок мен андай дебейм каякта болсо да Аллахым баарыбызды тынч койсун
0
Kroxa
2017-05-17 18:35:29
chon-alai90,Жалал-абад Талас чектеш тоо кыркаларында болуптур..ошол жак тундукко киреби???? буга не дейсин??
0
erhanov
2017-05-17 00:19:11
Мага окшогон красавчиктер аз болуп жатат ошон үчүн!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан