Бишкектин райондук соту Максим Бакиевди өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 12-майда Максим Бакиев, Валерий Белоконь, Евгений Вербицкий, Анита Ласе, Сергей Костырын, Юрий Качнов, Марат Алапаев, Чолпон Иманалиева. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жарандар Кыргыз өлкөсүндө коррупция жана компаниялардагы кирешелеринин изин жашыруу фактылары боюнча айыпталган. Аларга карата төмөнкүдөй өкүм чыкты:

Бакиев Максим Курманбекович - мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратуу жана мамлекеттик кызмат ээлөө укугунан 3 жылга чейинки мөөнөткө тыюу салуу;

Белоконь Валерий Валерьевич - мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратуу жана банк тармагында иштөө укугунан 3 жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу;

Вербицкий Евгений Иванович - мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратуу;

Ласе Анита Юрьевна - мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратуу;

Костырин Сергей Александрович - мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратуу;

Качнов Юрий Александрович - мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратуу;

Алапаев Марат Ормонбекович - мүлкүн конфискациялоо менен 25 жылга эркинен ажыратуу жана мамлекеттик кызмат ээлөө укугунан 3 жылга чейинки мөөнөткө укугунан ажыратуу;

Иманалиева Чолпон Насырбековна - мүлкүн конфискациялоо менен 7 жылга эркинен ажыратуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
Asan123
2017-05-16 19:18:19
Кармалып жаткан адамдарды сотогулачы жок адамдарды апендилердей болуп сотой бербей
+8
umarbek97
2017-05-16 19:19:36
бакиев татыктуу президент болчу
+10
TalaCSKA
2017-05-16 19:40:17
Омур бойу эркинен ажыраткандан кийин кайдагы дагы 3жыл мамилеткеттик кызмат ????))) боорду эзетко
+5
bom.bon
2017-05-16 20:13:58
TalaCSKA,бул деген 3 жылдан кийин мамлекеттик иште иштесе болот дегени да? Бирок суроо кантип иштейт чоттогондор баштары айланып калыптыр.
+2
Sardarakam
2017-05-16 20:03:43
Ичим эзилип калды тообаа Өмүрбою (келбей эле турсун деп
+5
Tyty1990
2017-05-16 20:52:47
Ал жок соттой бересиңерби? Дядя максим окуса күлөт го.
+4
Jelezo
2017-05-16 21:27:19
Ж.К.төрагасы Чыныбай Турсунбеков Спутник радиосунда угармандардын суроолоруна жооп берип жатып президенттик шайлоого талапкерлиги коюлушу мүмкүн экенин айтты."Бизде президенттикке татыктуулар көп. Такшалган саясатчылар бар. Ошолордун бир тобу татыктуу деп ойлойм", - деди Чыныбай Турсунбеков. Журналист "балким, ошолордун бири сизсиз?" деген суроосуна "балким" деп жооп берди.Айта кетсек, "Республика - Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев,Ата-Мекенд
-3
nurbekasr
2017-05-16 22:48:59
Обу жоктор жаш баланын ишин кылышат.Макс келсе териңерди тескери сыйырат го.Президенттердин эң корозу Бакиев,калгандары мекиан тоок.
+1
nurbekasr
2017-05-16 23:15:46
Апенди соттор экен,өмүр бою эркинен ажыраткан срогун өтөп бүтүп,анан дагы 3 жыл күтөбү жумушуңарды.Кичине боорукер болгулачы.Эстеп алып аябай күлдүм.))))
+1
bekmaral
2017-05-16 23:37:23
Ушуну жон эле коюшбаптыр да оздорунун абийирин тогугушуп.
0
kyrgyz.kg83
2017-05-17 00:29:10
Емне деген Окум болду уят еле,азыр акчасы бар билими жоктор башкарган заман келдиго,Бакиев татыкту президент болчу
+1
Ananasky
2017-05-17 01:12:53
Иий ушул окумду чыгарып элге жарыя кылганга кантип ооз барды деймда 5жолу соттосонорда толк чыкбай уят , уят .
+1
bolotbeck1983
2017-05-17 01:18:09
Аябай туура өкүм чыгарышыптыр! Бизге күлкүлүү болгону менен, арты жаман. Кыргызстанга кокусунан болсо да келээр замат колун кайрып, көчүкө тээп дароо эле камалышат. Анткени мыйзам деген мыйзам! Мен ушул маалымат боюнча жыйынтыгын күтөм!
-1
zhumali
2017-05-17 09:29:44
Качанга чейин ушинтип ХХХ болуп жүрө беребиз
0
NURiZADA14
2017-05-17 14:18:30
Булар аны соттошту. Бирок алар чет жакта камалбай эле эркин жыргал жашоодо жашап жатышпайбы.
0
Gamze90
2017-05-17 21:55:51
Колокосуно чыгардынарбы окумду? Ал тигил жакта олтуруп алып ар кайсы жагы менен кулуп олтургандыр. Молодцы ребята так держать.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан