Чоң Чүй каналынын жанынан жансыз дене табылды. Бул тууралуу журналист Азият Жекшеев билдирди.
Анын айтымында, болжолдуу маалыматтарга ылайык, маркумду ур-токмокко алып өлтүрүшкөн. "Шектүүлөр издерин суутуп кетишти. Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери иш алып барышууда. Азырынча тартип сакчылар тарабынан так маалымат бериле элек", - дейт журналист.