Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Октябрь РИИБинин кызматкерлерине шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал чала тааныш киши "батир ижарага берем" деп 7000 сом алып, алдап кеткенин билдирген. Арыздануучунун айтымында, белгиленген дарекке барганда эч кандай батир ижарага берилбегени аныкталган.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1979-жылы туулган У.М. кармалган. Учурда анын ушул сыяктуу башка да кылмыштарга катыштыгы бардыгы такталууда. Эгерде сүрөттөгү жарандан жабыркагандар болсо, 0554 102 286, 0552 102 474 телефон номурларына чалып, кабарласа болот.