Чаткал районунда сел жүрүп, кум-шагыл бир унааны басып калды (фото)

Чаткал районунда сел жүрүп, унаа жол жабылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, сел кечээ, 16-май күнү саат 22:00 чамасында Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 26-32-чакырымдарындагы Кош-Көпүрө тилкесинде катуу жааган жаан-чачындан улам кокту-колоттон кум-шагыл аралаш сел жүрүп, жол жабылган.

"Кум-шагыл Мерседес үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасын басып калган. Аталган унаанын ичинде айдоочусу жана жүргүнчүсү болгон. Бактыга жараша алар жабыр тартышкан эмес. Башка унаалардын жардамында Ала-Бука районуна жөнөп кетишкен. Ошондой эле болжол менен унаа жолдун 30-чакырымында 3 жеңил унаанын алды жана артынан кум-шагыл аралаш сел жүрүп жолду жаап калгандыктан, унаалар жүрө албай токтоп калган. Жеңил унаалардын ар биринде экиден адам болгон. Эч ким жабыркаган эмес", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысынын буйругунун негизинде саат 23:30дан баштап Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун эки тарабынан убактылуу унаа каттамы токтотулган. Унаа жолду кум-шагылдан тазалоо иш-чаралары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nurgazy80
2017-05-17 10:32:47
Кудай сактасын! Аман калышканына шүгүр.
0
Mazi1280
2017-05-17 17:13:33
Кудай сактаптыр ушуну менен токтоп калса экен акыркысы болуп.Туштук жакта коп кырсык болуп атат оштук туугандар чогулуп чон тулоо откозосунор го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан