Бишкекте мас айдоочу унаасы менен кошо Чоң Чүй каналына түшүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 16-май күнү саат 17:00 чамасында Махатма Ганди көчөсүндө болгон. Анда Лексус 470 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу унаасы менен Чоң Чүй каналына түшүп кеткен. Аны окуянын күбөлөрү куткарып калышкан.
"Айдоочу мас абалда болгон. Ал уктап кеткенин айтууда. Азыркы тапта унаа айып жайга киргизилип, материалдар топтолууда", - деп билдиришти Патрулдук милициядан.