Ислам тилектештик оюндары: Сууда сүзүү боюнча финалдык жарышта Кыргыз спортчулары медалдарга жетпей калышты

Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында Кыргыз суучулдары финалдык жарышта байгелүү орундарга илинбей калышты.

Анда 100 метр брасс стилинде жарышка түшкөн Дарья Таланова финалда 1 мүнөт 13,24 секундалык көрсөткүч менен 4-болуп келген. Ал эми эркектер арасындагы жарышта Денис Петрашов 1 мүнөт 2,64 секундалык көрсөткүч менен 5-орунда келди. Өлкөбүздүн дагы бир спортчусу Кирилл Вайсс 1 мүнөт 3,03 секунд жыйынтык көрсөтүп 7-орунга ээ болду.

Эскерте кетсек, ушул эле спортчуларыбыз буга чейин 50 метрлик аралыктагы жарышта байгелүү орундарга илинбей калышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Piligrim
2017-05-17 10:40:29
Оюндун канча туру болуп атат бул Ислам оюнунда? Мушташ боюнча биздин молдолор барабыз деп даяр турушат эледа.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан