Кемин районунда жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу изделүүдө

Кемин районунда жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 14-май күнү саат 18:30 чамасында Кемин районунун Бообек айылында болгон. Анда катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа 1983-жылы туулган Кымбат аттуу жаранды сүзүп, айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен.

"Жабырлануучу алган жаракатынан улам ооруканадан каза тапкан. Күбөлөрдүн айтымында, качып кеткен айдоочу Мазда-6 үлгүсүндөгү унаа айдап жүргөн. Азыркы тапта издөө иштери жүрүүдө. Унаанын номерин жаттап калгандар же авторегистраторго тартылган видео болсо, 0552 544 515 номуруна чалып, кабарласа болот ", - дейт Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Исаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kroxa
2017-05-17 19:01:45
Качып кайда барат кыныр иш кырк жылда билинет..эх адамдар эмне деген жорук???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан