Бүгүн АФК кубогунун алкагында “Дордой” тажикстандык “Истиклолду” кабыл алат, “Алай” конокто “Алтын-Асыр” менен беттешет

Бүгүн, 17-май күнү АФК Кубогунун 5-турунун алкагында бишкектик “Дордой” командасы жана өлкө чемпиону “Алай” кезектеги тайпалык оюндарын өткөрөт. Бул тууралуу АФКнын маалымат кызматы билдирди.

Анда Бишкек шаарындагы Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо “Дордой” командасы тажикистандык “Истиклол” командасын кабыл алары айтылат. Ал эми “Алай” конокто түркмөндүк “Алтын Асыр” менен ойнойт.

"D" тайпасы, 5-тур. Бишкек убактысы боюнча:

18:00. “Дордой” (Бишкек) – “Истиклол” (Тажикстан)

19:00. “Алтын Асыр” (Түркмөнстан) - “Алай” (Ош)

Белгилей кетсек, эки кыргыз командасы “D” тайпасында орун алган. Учурда “D” тайпасында 10 упайдан топтогон тажикстандык “Истиклол” менен “Алтын-Асыр” алдыда келе жатат. 3 упай менен бишкектик "Дордой" 3-орунда жана бир дагы упайы жок “Алай” 4-орунда келе жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
banditka
2017-05-17 19:19:14
Алайдан умут чон эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан