Ислам тилектештик оюндары: Күрөш боюнча мелдештерде Кыргыз балбандарынын атаандаштары аныкталды

Бүгүн, 17-майда Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында күрөш боюнча мелдештер орун алат.

Анда Кыргыз өлкөсүнөн жарым чейрек финалда 4 балбан грек-рим күрөшү боюнча медалдар үчүн күч сынашат. Алар Каныбек Жолчубеков, Атабек Азисбеков, Узур Жусупбеков жана Руслан Царев.

Кыргыз балбандардын атаандаштары төмөндө:

59 килограмм салмак ченинде:

Каныбек Жолчубеков – Мостафа Султан Райек Алькаде (Иордания)

71 килограмм салмак ченинде:

Руслан Царев – Жейхун Овездурдыев (Түркмөнстан)

80 килограмм салмак ченинде:

Атабек Азисбеков – Рафиг Хусейнов (Азербайжан)

98 килограмм салмак ченинде:

Узур Жусупбеков – Сулейман Демирчи (Түркия) же Махди Алиярифейзабади (Иран).

Бул эки балбандын беттешинде кайсынысы жеңүүчү болсо, ал Узур Жусупбеков менен күрөшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azamat_15
2017-05-17 13:19:14
Онлайн барбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан