Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында 20-майда аттарды чыдамкайлыкка сынаган Endurance спорту боюнча биринчи эл аралык фестиваль өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда Бишкектеги Ат спорттук мектебинде өткөн маалымат жыйынында уюштуруучулар билдирди.
Фестивалга Кыргыз мамлекетинин ар бир аймагынан келген, бул спорт менен аздыр-көптүр машыгып жүргөн аттар катышат. Иш-чарага Малайзия өлкөсүнөн ветеринарлар, Endurance спорту боюнча Малайзиядан чыккан Дүйнө чемпиону Дато Аванг Камарудин жана башка өкүлдөр келишкен.
Чолпон-Атада өтө турган фестивалдагы жарыштарга Азиядагы өлкөлөрдөн келген тажрыйбалуу чабандестер катышат. Кыргыз-малайзиялык корпорациясынын башкы мүдүрү Рамис Карымшаковдун айтымында, фестиваль Кыргыз өлкөсүнүн имиджин өнүктүрүү максатында өткөрүлөт.
"Максатыбыз - Кыргыз чабандестерин Endurance жана эл аралык стандарттар менен кененирээк тааныштыруу, алардын Малайзиядан келген коноктор менен тажрыйба алмашуусуна шарт түзүү. Малайзиядан 16 профессионалдык спортчулар келишти. Алар учурда биздин спортчуларга Endurance спортунун эрежелерин үйрөтүп жатышат", - деди Карымшаков.
Кыргыз-малайзиялык корпорациясынын негиздөөчүсү Тарик бин Хусни Кыргыз мамлекетине экинчи ирет келип жатканын айтып, көк бөрү оюну өзгөчө жакканын баса белгиледи. Ошондой эле малайзиялык ветеринарлар жарышка түшө турган аттардын алдын ала текшерүүдөн өтө турганын кошумчалашты.
"Endurance" деген сөз англис тилинен которгондо чыдамкайлык деген маанини билдирет. Бул спорт боюнча мелдеште биринчи орун аттын ылдамдыгына эмес, канча аралыкты басып өтүүгө чыдаганына карап берилет.