"Дордой" жаштар курама командасы АФК президентинин Кубогунун финалдык мелдешине өттү

12-майда Филиппиндин Себу шаарында Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогуна тандап алуу мелдеши соңуна чыкты. Анда Кыргызстандын атынан чыккан “Дордой” жаштар курама командасы Филиппиндин “Глобал” командасы менен ойноп, мекендештерибиз 6:1 эсебинде атаандаш команданы утуп алышты. КРнын Футбол федерациясынын басма сөз кызматы билдиргендей, “Дордой” АФКнын президентинин Кубогунун финалдык мелдешинде “Үч жылдыз” (Непал), “Эрчин”, (Монголия), “Балкан” (Түркмөнстан), “Алькуд Хилал” (Палестина) командалары менен беттешмекчи. Финалдык оюн 2013-жылдын 23-сентябрында болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан