Бүгүн, 17-майда Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында күрөш боюнча мелдеште Руслан Царев, Каныбек Жолчубеков жана Үзүр Жусупбеков финалга чыгышты, Атабек Азисбеков коло медаль үчүн күрөшөт.
Жарым финалдык беттеште 71 килограмм салмакта Руслан Царев ирактык балбан Аль Салихи менен күрөшүп 6:0 эсебинде жеңишке жеткен. 59 килограмм салмак ченинде болгон жарым финалдык беттеште Каныбек Жолчубеков азербайжандык балбан менен күч сынашып 8:4 эсебинде утту. Үзүр Жусупбеков жарым финалда түркмөндүк Кияз Есенов менен күрөшүп 10:0 эсебинде жеңишке жетти.
Эми алтын медаль үчүн болгон күрөштө Руслан Царев ирандык Гераие Мохммадали менен, Жолчубеков өзбекстандык Икромжон Бакрамов менен, Жусупбеков азербайжандык Оркхан Нуриев менен беттешет.
Атабек Азисбеков жарым чейрек финалда азербайжандык Рафик Хусейновго 8:2 эсебинде жеңилип калган. Ал коло медаль үчүн күрөштө алжирдик Азара Сид менен күч сынашат.