Сокулукта аялды сүзүп качып кеткен айдоочуну өзүнүн туугандары таап милицияга алып келди

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Күн-Туу-Бишкек жолунда аялды сүзүп качып кеткен айдоочуну өзүнүн туугандары таап милицияга алып келди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИБинин Патрулдук милициясынын маалымат катчысы Тилек Исаев билдирди.

"Изделип жаткан Исламжан Исламовдун ата-энесине "балаңар качып жүрө берсе, кылмышы оорлой берет" деп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Бүгүн анын туугандары Бишкек шаарынын Аламүдүн-1 кичи районунда жашаган эжесинин үйүнөн өздөрү таап милицияга өткөрүп берди. Азыр тергөөчүнүн көрсөтмөсү менен кармалган Исламов жол кырсыгы болгон маалда спирт ичимдигин ичкен-ичпегенин аныктоо үчүн наркологияга алынып кетти", - деди Исаев.

Эскерте кетсек, 17-майга караган түнү саат 01:30 чамасында Күн-Туу-Бишкек жолунун чыгыш тарабында Субару Форестер унаасынын айдоочусу 30-35 жаштардагы аялды сүзүп качып кеткен. Жабырлануучу кырсык болгон жерден каза болгон. Айдоочунун унаасы үйүнөн табылып, өзү изделип жаткан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
engel
2017-05-17 18:20:10
Al ayal aman kalyptyrby? Tunku saat 1de emne kylyp jurot kochodo? Tuugandary molodcy eken tushunup ozdoru alyp kelip tapshyrgandary!
-2
almanbetperm
2017-05-17 18:50:43
engel,вроде кыргызча эле жазылган
Жабырлануучу кырсык болгон жерде каза болгон деп
+9
ekaterinburg
2017-05-17 18:51:23
engel,Жабырлануучу кырсык болгон жерден каза болгон деп турат.
+5
Kroxa
2017-05-17 18:52:25
engel,ажал жетеледи да шаарда иштесе керек жумуштан келе жаткандыр уйуно ашыгып айлдын келиндери уйдо отургучп деп шаарда кафелерде иштейт эмеспи ким билет тиги айдоочу ичип алып ажалына салып берди..ыйманы саламат болсун..ким болсо эмне болсо да башка айла жок...
+6
scorp
2017-05-17 18:53:19
engel,Жабырлануучу кырсык болгон жерден каза болгон.
Окусан жакшылап.
+2
Dilnaz.kiko
2017-05-17 18:47:56
Биздин милициялар олуп кетсе оздору тапай калыштыго,туугандары алып келбесе издеп тапай журо беришет эле
+2
Kroxa
2017-05-17 19:00:14
Кеминде сузуп качып кеткен айдоочуну да туугандары таап беришсе болмок..
+2
scorp
2017-05-17 19:27:50
Kroxa,таап беришиптирго...
+1
Kroxa
2017-05-17 20:51:36
scorp,бул Сокулуктагы Кун-туу айылындагы сузуп кеткен айдоочу..Кеминден да Бообек айылынан кечее сузуп Мазда унаасы экен бирок куболор номерин жаттабай калышыптыр..табыла элек..
+1
engel
2017-05-17 19:25:32
Oi buuui baary ele maga joop jazyp salyshkan go kechiresiner tuugandar al jagyn baikabai kalypmyn. "Odna sobaka ot menya ushla"
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан