Бүгүн, 17-майда саат 16:02де Кыргыз-Өзбек чек арасында жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, зилзаланын күчү очогунда 3 баллга жеткен. Очогу Шоро-Башат айылынан батышка көздөй 10 чакырым, Өзгөн шаарынан түндүк-батышка көздөй 15 чакырым, Жалал-Абад шаарынан түндүк-батышка көздөй 19 чакырым, Көк-Жаңгак шаарынан түштүк-батышка көздөй 22 чакырым, Ош шаарынан түндүк-чыгышка көздөй 45 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Шоро-Башатта жана Өзгөндө жер титирөөнүн 2,5 балл, Жалал-Абадда 2 балл күчү сезилген. Алдын ала маалыматтар боюнча, табигый кырсыктан улам жабыркагандар жана кыйроолор жок.