Учурдагы дүйнө чемпиону Германия 17-июндан 2-июль аралыгында Орусияда футбол боюнча өтө турган Конфедерация Кубогунда ойной турган футболчуларын атады. Анда жалпы 23 футболчу чакырылган. Бул тууралуу аталган өлкөнүн футбол федерациясы билдирет.
Маалым болгондой, башкы машыктыруучу Йоахим Лев тажрыйбалуу Томас Мюллер, Месут Озил, Мануель Нойер сыяктуу футболчуларды курамга чакырган эмес.
Конфедерация Кубогунда Германия командасынын курамы төмөндөгүдөй болот:
Дарбазачылар: Бернд Лено, Марк-Андре тер Штеген, Кевин Трапп;
Коргоочулар: Маттиас Гинтер, Йонас Хектор, Бенжамин Хенрихс, Жошуа Киммих, Шкодран Мустафи, Марвин Платтенхардт, Антонио Рюдигер, Никлас Зюле;
Жарым коргоочулар жана чабуулчулар: Юлиан Брандт, Эмре Джан, Керим Демирбай, Диего Демме, Юлиан Дракслер, Леон Горетцка, Себастьян Руди, Лерой Сане, Ларс Штиндль, Сандро Вагнер, Тимо Вернер жана Амин Юнес.