Ош шаарында 51 жаштагы жаран 3 кабаттуу имараттын чатырынан кулап, каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 13-май күнү саат 18:00 чамасында Ош шаарынын Шакиров (мурдагы Гагарин) көчөсүндөгү курулуп жаткан 3 кабаттуу имаратта болгон. Анда 51 жаштагы Р.О. аттуу жаран имараттын чатырын жаап жатып, кулап кеткен. Жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болгон.
Бул факт милицияга кокустук катары катталды.