Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында Кыргыз спортчу Дарья Таланова 200 метр аралыкка болгон финалдык жарышта коло медалдын ээси болду.
Анда 200 метр брасс стилинде жарышка түшкөн Дарья Таланова финалда 2 мүнөт 34,53 секундалык көрсөткүч менен 3-болуп келип, коло медалды багынтты.
Эскерте кетсек, буга чейин эркектер арасындагы ушул эле аралыктагы жарышта Кыргыз суучулдар байгелүү орундарга илинбей калышкан.