Бүгүн, 17-майда АФК Кубогунун “D” тайпасында “Алай” Балканабад шаарында түркмөндүк “Алтын Асыр” менен беттешип, оюнда 4:1 эсебинде жеңилип калды.
Оюн эсебин 33-мүнөттө "Алтын Асырдын" оюнчусу Мурат Якшиев ачты. 42-мүнөттө Якшиев эсепти 2:0 кылды.
2-таймда "Алайдын" оюнчусу Миролимжан Ахмедов айырмаланып, 1 гол киргизди. Беттештин аягына 8 мүнөт калганда Мурат Якшиев дагы 2 жолу гол киргизип оюнга чекит койду. Эсеп 4:1.