Ислам тилектештик оюндары: Кыргыз балбаны Каныбек Жолчубеков финалдык беттеште өзбекстандык балбанды жеңип, алтын медалдын ээси болду

Бүгүн, 17-майда Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында күрөш боюнча мелдеште Каныбек Жолчубеков финалда өзбекстандык Икромжон Бакрамов менен беттешип алтын медаль утуп алды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.

Маалым болгондой, 59 килограмм салмак ченинде финалдык беттеште Каныбек Жолчубеков өзбек балбаны менен күч сынашып 11:2 эсебинде утту.

Бүгүн дагы 2 спортчу алтын медаль үчүн күрөшүштү. Анда Руслан Царев ирандык балбан Гераие Мохммадали менен күрөшүп утулуп калды. Ал бул жыйынтык менен күмүш медалга ээ болду. Ал эми Атабек Азисбеков коло медаль үчүн күрөштө алжирдик Азара Сид менен күч сынашып жеңишке жете алган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
FIFA.
2017-05-17 21:18:04
Молодецсин Коля. Так держать.
+3
Kulatov
2017-05-17 23:04:49
FIFA.,Коля эмес Каныбек эле дечи кыргызча атын да орусча кылбай.
+3
ainur78007
2017-05-17 21:18:16
Аззамат!!!Алга кыргызымдын жигиттери!!!
+6
Tolkun555
2017-05-17 21:19:28
Азаматсынар бар экенсиңер го.
+7
Mali-Guli
2017-05-17 21:23:56
урааааа ! азамааат
+6
Kurstan_CR7
2017-05-17 21:29:40
Ушул балада (К.Жолчубеков) аракет куч.
Ушул баланы олимпиададан коргум келетта.
+10
Izdeim_seni.
2017-05-17 21:32:10
Алтын алганы учун ураааа. Озбекти женгени учун он жолу ураааааа.
+17
mirlanpiter
2017-05-17 22:00:21
Олимпиадага барып утулуп калган эле,, Азаматсын!!
+2
Kurstan_CR7
2017-05-17 22:26:11
mirlanpiter,


Кайсы жылы барды эле?


Бул салмакта (59 кг) дагы бир балбаныбыз бар А.Эралиев. Бул салмак боюнча ошол барган. А К.Жолчубеков бирда олимпиадага бара элек мен билгенден. Эгер адашып атсам кечирим сурайм!!!!
+2
Azamat_15
2017-05-17 22:01:38
Азаматсын Каныбек,Узур эмне болду?
+1
Azat.97
2017-05-17 22:09:54
Арсен Эралиевдин Риодогу Тасмурадов га болгон очун алып берген турбайбы.Молодец братан красавчик.Олимпиадага сен татыктуусун
+5
Kulatov
2017-05-17 23:08:35
Азаматсың Каныбек сенден дагы көптөгөн медалдарды күтөбүз кыргыздын желегин дүнүйөгө таанытып жүрө бер.
+2
lsfayram22
2017-05-18 04:11:37
Азаматсыңар,эми Айсулуудан күтөбүз алтынды,иншаллах.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан