Кыргыз футболчулары грузиялык командадан 0:6 эсебинде утулду

Астана шаарында Казакстандын президентинин Кубогу үчүн футбол боюнча эл аралык мелдеш өтүп жатат. Бүгүн, 13-майда Кыргызстандын жаштар курама командасы менен Грузиянын футболчулары беттешип, мекендештерибиз 0:6 эсебинде утулуп калышты. Бул жеңилүүнүн натыйжасында кыргызстандыктар 6-орунду ээлешти. Ал эми 1-2-орун үчүн бүгүн Казакстан менен Ирандын командалары күч сынашмакчы. Айта кетсек, мелдешке 8 команда катышып жатат. Алардын ичинен 1-орунду ээлеген командага 10000 доллар акчалай сыйлык ыйгарылмакчы.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
manas1987
2013-05-13 16:15:58
биздикилер карап эле турушкан окшойт
0
RIO
2013-05-13 16:18:47
Вай десе...
0
Mitisboy
2013-05-13 17:23:48
Кыргыздын футболго кызыгуусу жок деп ойлойм биздин футболистердин көзүнөн эле байкалат көрдүм ойногондорун топ жанынан өтсө деле карап койот бул эмне дегенсип. Биргана Девид дегенибиз чуркап журат 6:0 уят лучшее көк бөрү ойунду ойнойлу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан