Бүгүн, 17-майда Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарындагы күрөш боюнча мелдеште Үзүр Жусупбеков финалда азербайжандык Оркхан Нуриев менен беттешип күмүш медалга ээ болдү. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалым болгондой, 98 килограмм салмак ченинде Үзүр Жусупбеков финалдык беттеште Оркхан Нуриев менен күч сынашып 5:0 эсебинде жеңилип калды.
Эске салсак, 59 килограмм салмак ченинде Каныбек Жолчубеков алтын медалды утуп алган. Руслан Царев ирандык Гераие Мохммадали менен беттеште 3:4 эсебинде жеңилип күмүш медалдын ээси болгон.