18-майга караган түнү “Монако” футбол клубу Франция чемпиондугунда “Сент-Этьен” командасын 2:0 эсебинде жеңип, өлкө чемпиону аталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлайт.
Маалым болгондой, чемпиондук бүтөрүнө 1 тур калганда Леонарду Жардимдин командасы 92 упай топтоп, 1-орунду камсыздады. Муну менен клуб өз тарыхында 8-жолу чемпион аталып отурат.
Белгилей кетсек, “Монако” быйылкы жылы Чемпиондор Лигасынын жарым финалына чейин жеткен.
Франция чемпиондугун акыркы төрт жыл катары менен “Пари Сен-Жермен” багынтып келген. Быйылкы жылы Кавани жана анын командасы 86 упай менен 2-орунда калды.