Кемин районундагы суу сактагычтан эркек адамдын жансыз денеси табылды

Кемин районундагы суу сактагычтан эркек адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, эркек адамдын жансыз денеси кечээ, 17-май күнү түштөн кийин Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу Кашкелең айылындагы суу сактагычтан табылган.

"Жерине куткаруучулар барышып, каза болгон адамдын денесин суудан алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Каза болгон адамдын аты-жөнү такталууда", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан