Ала-Арча суусунан аялдын жансыз денеси табылды (нерви жукаларга сунушталбайт)

Ала-Арча суусунан аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жашы 20-25 чамасындагы белгисиз аял кишинин жансыз денеси 13-май күнү Чоң-Арык айылындагы Ала-Арча суусунун чыгыш тарабынан табылган.

"Бою 155-160 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кара түстө, бети сүйрү. Ал кара түстөгү кофта, кара түстөгү шым, кара түстөгү бут кийим кийип жүргөн. Эгерде сүрөттөгү аялды тааныгандар болсо, 0 553 102 465, 0 703 401 600, 0 312 352947, 352605 номурларына чалып, кабарласа болот", - деп айтылат Бишкек ШИИББинин билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Zeinep_gunew93
2017-05-18 13:15:07
Аллахым озу бейишин берсин тууган уруктары эртереек таап кылмышка шектуулор оз жазасын алышсын
+7
sardaralay
2017-05-18 14:16:09
мал карап журуп буту тайып сууга тушуп кетсе керек.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан