Чолпон-Ата шаарында жоголгон 2 жаштагы кыз табылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 17-май күнү саат 20:30 чамасында Чолпон-Ата шаарындагы санаторийлердин биринде болгон. Анда Бишкектен келген үй-бүлөнүн 2 жаштагы кызы каттоо учурунда адашып, жоголуп кеткен.
"Адашып, ыйлап жаткан кызды 37 жаштагы аял көтөрүп кеткен. Милиция кызматкерлери түн ичинде ал аялды таап, милиция бөлүмүнө алып келишкен. Анын айтымында, караңгыда ыйлап жатканынан үйүнө алып кетип, эртең менен алып келейин деген. Азыркы тапта 2 жаштагы кыз ата-энесине өткөрүлүп берилип, материалдар юридикалык баа бериш үчүн Ысык-Көл райондук прокуратурасына жөнөтүлдү. Учурда ал аял прокуратурада сурак берүүдө", - дейт Ысык-Көл ОИИБинин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов.