Ислам тилектештик оюндары: Кыргыз өлкөсү жалпы медалдык эсепте 12-орунда келе жатат

Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында Кыргыз өлкөсү жалпы медалдык эсепте 2 алтын, 2 күмүш жана 4 коло медаль менен 12-орунда келе жатат. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.

Медалдык эсепте 1-орунда 137 медаль менен Түркия курамы келе жатат, анын эсебинде 54 алтын, 45 күмүш жана 38 коло медаль бар.

2-орунда үй ээси Азербайжан, анын капчыгында 99 медаль бар, анын ичинен 50 алтын, 29 күмүш жана 20 коло медалдар.

3-орунда жалпы эсеби менен 54 медалдын ээси Иран курамы, анын капчыгында 14 алтын, 17 күмүш жана 23 коло медаль бар.

Кыргыз спортчулардан алтын медалды грек-рим күрөшүндө Каныбек Жолчубеков, дзюдо боюнча мелдеште Юрий Краковецкий жеңди. Күмүш медалдардын ээси грек-рим күрөшүндө Руслан Царев менен Үзүр Жусупбеков болду. Коло медалды суучул Дарья Таланова, дзюдочу Отар Бестаев, Бектур Рысмамбетов жана Владимир Золоев утуп алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Muratmipa
2017-05-18 12:19:57
Ошондо 12 мамлекет катышып жатса керек анда
-1
Michelangelo
2017-05-18 12:51:39
Muratmipa, Жалпысы болуп 57 мамлекет катышып жатат. Казахстан, Туркменистан, Тажикстандан алдыдабыз. Оюндардын жабылуу аземи 22-майда болот. Медалдык эсеп озгорушу мумкун.
0
adisum
2017-05-18 23:12:05
Muratmipa,57 мамлекет деп турат окшойт.
0
admiral
2017-05-18 12:36:31
Тизмени толуктап жазып, канча мамлекет катышып атканын тактап айтып койсонор.
+1
akil.91
2017-05-18 12:41:04
Admiral айткандай так маалымат берип койсонор жакшы болмок урматтуу супер инфо. Силерден башка кимибиз бар...
+2
akil.91
2017-05-18 12:39:47
Экономикасы жакшы болгон олколор башкы оорундарда экен...
0
roklait
2017-05-18 12:57:35
Канча мамлекет катышып жатат? Кабар берип койгулачы.
0
admin_portal
2017-05-18 13:04:38
roklait,admiral, akil.91, бул шилтеме аркылуу маалымат ала аласыздар http://www.super.kg/kabar/news/187171/
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан