Футзал боюнча Кыргыз жаштар курама командасы Азия чемпиондугунда Монголия менен беттеште тең чыкты

Таиланддын Бангкок шаарында өтүп жаткан 20 жашка чейинкилер арасында футзал боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз өлкөсүнүн футзалчылары бүгүн, 18-майда өз тайпасында Монголия менен беттешти.

Оюнду жаш спортчуларыбыз басым менен баштады, Нуржан Жетибаев жетектеген командабыз бир нече чабуул жасап, бирок таамай болушкан жок. Оюн эсеби 13-мүнөттө ачылды, Монголия курамасы контр-чабуул жасап эсепти 1:0 кылды.

1-таймдын 18-мүнөтүндө Мирлан Жолдубаев эсепти тең кылганга үлгүрдү. Оюндун 2-таймында футзалчылар тең тайлаша ойношту. Оюндун аягына 2 мүнөт калганда Монголиянын оюнчусу таамай сокку менен гол жаратып эсепти 2:1 кылды. 1 мүнөт өтпөй Мирлан Жолдубаев эсепти теңдеп оюнга чекит койду.

Жыйынтыгында 2:2 эсеби катталып, командалар бирден упайга ээ болушту.

Белгилей кетсек, “D” тайпасында Кыргыз өлкөсү, Иран, Кытай, Монголия жана курама командалары бар. Кийинки беттешти Кыргыз футзалчылары БАЭ менен 19-майда өткөрөт.

Эсиңиздерде болсо, 16-майда Кыргыз курама командасынын алгачкы беттеши Кытай менен өтүп, жыйынтыгында 2 өлкө 3:3 эсебинде тең чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Usonbek
2017-05-18 15:43:02
Жакшы ойногула азаматтар женбесенер да женилбегиле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан