Бишкекте таксист жөө жүргүнчүнү сүзүп алды (фото)

Бишкекте таксист жөө жүргүнчүнү сүзүп алды. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдиришти.

Күбөнүн айтымында, жол кырсыгы бүгүн, 18-май күнү түштөн кийин Москва көчөсүндө болгон. Анда таксист Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасы менен каршы тилкеге чыгып, жолдон өтүп бара жаткан шаар тургунун сүзүп алган. Кырсык болгон жерге "Тез жардам" келип, жабырлануучуга биринчи медициналык жардам көрсөтүштү.

"Тез жардам" кызматынын маалыматына караганда, жол кырсыгы саат 14:20 чамасында Москва көчөсүндөгү №13-мектептин жанында болгон. Жол кырсыгынын кесепетинен 23 жаштагы жаран жабыркап, ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aman97kg
2017-05-18 15:46:28
Кудай сактай кор
+3
nazgul90
2017-05-18 15:46:43
Эч нерсе болбоптурго палакатта чонурак кых кылганынарды да киргизе бергиле .
+2
aerforce
2017-05-18 17:36:03
Мегалайынлы сузуптурда
0
RusMos76
2017-05-18 22:43:10
негедир жол кырсыктары москва кочосундо эле болуп жатат байкасам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан