Ислам тилектештик оюндары: Дарья Маслова 5000 метр аралыктагы жарышта коло медаль утуп алды

Бүгүн, 18-майда Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында жеңил атлетика боюнча мелдеште Кыргыз спортчусу Дарья Маслова коло медалга ээ болду.

Мекендешибиз Дарья Маслова 5000 метр аралыктагы жарышта 15 мүнөт 0.42 секунд жыйынтыгын көрсөтүп 3-орунду ээледи.

Бул жеңиш Кыргыздын пайдасына 5-коло медалды алып келди. Жалпы эсепте Кыргыз өлкөсүндө 9 медаль бар, анын ичинен 2 алтын, 2 күмүш жана 5 коло медаль.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Arsenal2
2017-05-18 16:27:03
Азамат десе
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан