Каракол шаарында болгон катуу шамал көп кабаттуу үйдүн чатырын учуруп кетти

Каракол шаарында болгон катуу шамал көп кабаттуу үйдүн чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, катуу шамал бүгүн саат 17:00 чамасында Каракол шаарынын аймагында болгон. Анын кесепетинен көп кабаттуу үйдүн чатырынын бир бөлүгү жараксыз абалга келген. Ошондой эле бир дарак кулаган.

Алдын ала маалымат боюнча, шамалдын ылдамдыгы секундасына 22 метрге жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kuba1985
2017-05-18 20:54:59
Шамаал абдан катуу болду, бир заматта чан сапырылып эч нерсе корунбой калды.Балдарыбызды садиктен аран алып келдик.
0
RusMos76
2017-05-18 22:27:22
Эч кимди басып калбаса эле болду калганы эч нерсе эмес...
+1
Kroxa
2017-05-18 22:34:02
Кайсы кочо кайсы уйдуку???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан