Бүгүн, 18-майда Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарындагы грек-рим күрөшү боюнча мелдеште Жанат Кайлыбаев күмүш медалдын ээси болду.
Аталган мелдеште 66 килограмм салмак ченинде Жанат Кайлыбаев финалдык беттеште азербайжандык Кемран Маммадов менен күч сынашып 9:0 эсебинде жеңилип калды. Жыйынтыгында эсепке 2-орун болуп жазылып, күмүш медалдын ээси болду. Муну менен Кайлыбаев Кыргыздын капчыгына 3-күмүш медалды алып келди.