Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында волейбол боюнча кыз-келиндер арасындагы мелдеште Кыргыз курама командасы бүгүн, 18-майда коло медалдын ээси болду.
Коло байге үчүн болгон беттеште Кыргыз өлкөсүнүн спортчулары тажик спортчуларын партиялар боюнча 3:0 эсебинде жеңип алды. Бул жеңиш менен биздин волейболчулар коло медалдардын ээси болушту.
Эскерте кетсек, аталган оюндарга дүйнөнүн 57 өлкөсүнөн спортчулар барып катышууда. Акыркы маалыматка таянсак, байгелүү орундардын саны боюнча Кыргыз өлкөсү 12-орунда келе жатат.