Орусияда күйөрмандар сүйүктүү футболдук клубдарын катуу колдоору эч кимге жаңылык эмес. Ал тургай күйөрмандар атаандаштары менен мушташка чейин барган учурлар кездешет.
Бирок биз сөз кыла турган окуяда эч кандай кооптуу абал байкалган жок жана жаракат алгандар болду деген маалымат айтылган жок. Сөз "Спартак" - "Терек" (Чеченстан) оюну жөнүндө болуп жатат.
Москвалык “Спартак” чемпиондугун 16 жыл күткөн. Эми чемпион болгон соң аны мыкты майрамдады деп айтса болот. 16 жыл күтүп анан жеңген клубдун күйөрмандары жеңишти ушундай эле деңгээлде майрамдамак. Бул жеңишти "Спартактын" күйөрмандары кыйлага чейин унутпайт деген ой пикирлер көп айтылууда.
Калыстын жыйынтыктоочу ышкырыгы жаңырган соң, миңдеген күйөрман футбол талаасын каптап кетишти. Алар футболчулар менен кошулуп чемпиондукту көк майсаңда майрамдашты.
Бул окуя учурда социалдык тармактарда кызуу талкууланууда. SUPER.KG порталы социалдык тармактын колдонуучуларынын эң кызыктуу бир нече пикирлерин чогултуп, сиздин назарыңызга сунат:
“Ким чемпион? Биз чемпион! Спартак алга!”. “Дарбазаны сындырды, Ребровду чечинтти. #СпартакТерек”
“Олдоксондор дарбазаны сындырышты, торун айрышты, кичинекей баладай эле бактылуу. #Спартак-Чемпион”
“Сүйүктүү "Спартагым", жеңишиң менен! Бардык спартактын күйөрмандарын куттуктайм! Калганыңар унчукпай туруп кол чапкыла”.
“3 оюндан бери майдан толуп жатат, мындай окуяны башкалар түшүндө гана көрөт”.
Атаандаш командалардын күйөрмандары өз пикиринде талаада жүргөндөрдү көрүп ич күйгөндөнбү же башка себептерденби аларды чочко менен салыштырып жана тарбиясы жок, варварчылыктын жеткен чеги деген өңдүү сындарды айтышууда. Кандай болгон күндө да орус футбол сүйүүчүлөрү дүйнөнү бир таң калтырды.
Эске сала кетсек, "Спартак" - "Терек" беттеши 17-майда орун алган. Беттештин жыйынтыгында "Спартак" Чеченстандын клубун 3:0 эсебинде жеңип, Орусия федерациясынын чемпиону аталды.