Бишкекте жоголгон телефон менен селфи сүрөткө түшкөн жигит смартфонду ээсине кайтарып берди

Бишкекте жоголгон телефон менен селфи сүрөткө түшкөн жигит смартфонду ээсине кайтарып берди. Бул тууралуу Назар Канаев аттуу интернет колдонуучу Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, милиция кызматкерлери аркылуу телефонун көтөрүп жүргөн жигиттин өздүгү аныкталып, ал смартфонун кайтарып берген.

Буга чейин Назар Канаев Фейсбуктагы баракчасына 14-майда телефонун жоготуп алганын жана 16-майда анын смартфону менен селфи сүрөткө түшкөн белгисиз адамдын фотолору Dropbox программасына келип түшкөнүн жазган.

Ошондой эле ал анын смартфону менен селфи сүрөткө түшкөн баланы издеп табууга жардам сураган болчу.

Айта кетсек, Dropbox тиркемеси телефондун камерасына тартылган сүрөттөрдү автоматтык түрдө сактап турат. Сүрөттөрдү үйдөгү компьютерден да көрсө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
AykaMer
2017-05-19 09:39:53
Атын чыкпаса жер ортто го бул жагы
-10
Batma08
2017-05-19 10:30:34
AykaMer,атын чыкбаса жер ортто деген соз модо болуп кеттиго кайсы каментарийге кирсен жазылган болот
+4
anonymous
2017-05-19 09:41:56
Эмнеси жаңылык баардык телефондо бар бул find my device деп аталат настройкада
-10
Kubinis
2017-05-19 10:35:49
мына технологиянын онуккону. Уурулардын куну буттуго эми))))
+8
kechirmeni
2017-05-19 10:38:22
Башканарды билбейм мага жанылык жакты. Демек дроп бокс дегени жакшы экен да жоголгон телефонду таап берууго жардам берсе.
+2
bahbrat
2017-05-19 10:41:53
Ошондо бул статья теневая реклама дегендей болуп калдыбы
-2
bond02
2017-05-19 12:43:00
Телефон таап алсан камерасын талкалап анан иштешиш керек экен да.
+5
Zinazima
2017-05-19 12:46:58
bond02,жардын го
0
kechirmeni
2017-05-19 12:49:30
bond02,Бутун буюмду не кыласын талкалап. Ээсин изде андан коро. Суйунчусун аласын сага ошол адал.
+2
bond02
2017-05-19 13:45:25
kechirmeni,таап алып анан ээсин издеп барып Берген адамды корбодум мен чынында.
-3
vavilon.
2017-05-19 13:46:39
Умный ууру болсо прошивка кылып, же заводская настройка кылса эле дроббокстун иштегенин кор анан. Иштебей калат.
+1
zz2013zz
2017-05-19 14:20:58
vavilon.,попробуй айфонду болот бекен прашифка же заводкой настройка
0
bazar
2017-05-19 15:15:45
Уурулугу билинди баланын. Буга чейин канча телефон уурдады экен а?
-2
Drongo
2017-05-19 20:43:45
bazar,уурдабай эле ,телефонду жоготуп алганда ээси.Тиги бала таап алган.Туура окусан бай болгур,тушунбой эле жаза бербей.
0
bazar
2017-05-20 08:31:42
Drongo, сен жакшылап түшүнүп ал. Фотосу dropbox ко түшүп калган соң, милиция менен табышты.
0
Kroxa
2017-05-21 23:04:02
bazar,милиция менен оздугун тактап анан табылган десен туура болот..ал уурдап алган эмес таап алган ээси деле айтып жатат го дайым болуп турчу корунуш деп тамактанганда же соода кылганда таштап салмай адатым бар анан издеп таап алчу экен бир канча жолу болгон биринчи жолу эмес жоготконум деп жазыптыр...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан