Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарындагы грек-рим күрөшү боюнча мелдеште Кайрат Түгөлбаев коло медалдын ээси болду. Аталган мелдеште 75 килограмм салмак ченинде Кайрат Түгөлбаев коло медаль үчүн болгон күрөштө ирандык Расул Гармсири менен күч сынашып 3:0 эсебинде жеңишке жеткен. Жыйынтыгында эсепке 3-орун болуп жазылып, коло медалдын ээси болду.
Белгилей кетсек, Ислам тилектештик оюндары 22-майга чейин уланат. Бул мелдештерге дүйнөнүн 57 өлкөсүнөн спортчулар барып катышууда. Кыргыз өлкөсү байгелүү орундардын, башкача айтканда, медалдардын саны боюнча 14-орунда келе жатат. Буга чейинки эсептерде 12-орунда бара жаткан болчу.